08.08.2018 14:10

Таластагы «өзгөчө кырдаал»: Өрттү толук өчүрүү иштерине 513 адам тартылды

Таластагы «өзгөчө кырдаал»: Өрттү толук өчүрүү иштерине 513 адам тартылды

Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу жайлоосундагы тоо этектеринен чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 2018-жылдын 8-август күнү Талас облусунун Манас районунун Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан менен чектешкен аймак) чыккан өрттү өчүрүү иш-чараларына жалпы 513 адам тартылып, өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 177 адам жана 1 тик учак тартылган.

Эскерте кетсек, кечээ 2018-жылдын 7- августу күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Талас облусунyн Манас районундагы өрттү өчүрүү иш-чараларын жеринен көрүп, жеке көзөмөлүнө алган. Министрдин тапшырмасынын негизинде жерине кошумча 67 куткаруучу Жалал-Абад облусунан тартылган.

Өрт 7-август күнү саат 21:30да чектөөгө алынган. Өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана байкоо жүргүзүү үчүн КР ӨКМден тартылган жалпы өздүк курам (232 адам) жеринде нөөмөттө калышкан.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары жүрүп жатат.